• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тышкы иштер министри өрт кырсыгына байланыштуу түркиялык кесиптешине көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2-апрелде Стамбулдун борборунда 29 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу түркиялык кесиптеши Хакан Фиданга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

"2024-жылдын 2-апрелинде Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы имараттардын биринде болгон өрттүн кесепетинен улам адамдардын курмандыктарына байланыштуу чын дилимден жана терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм.

Биз орду толгус жоготуунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөбүз", – деп айтылат Министр Ж.Кулубаевдин телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий