• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандыктардын Түркиянын ооруканаларында дарылануу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-январында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Азиз Ахмет Сурел менен жолугушту.

КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыргыз тараптын демилгеси менен өткөн жолугушууда, тараптар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ооруканада дарылануу маселесин талкуулашты.

Тактап айтканда, элчи Өмүралиев учурда оор абалда ооруканада жаткан Кыргыз Республикасынын жаранынын дарылануусуна жардам берүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде Азиз Ахмет Сурел бейтаптын дарылануусунда ар тараптуу жардам көрсөтөөрүнө жана көңүл бурарына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий