• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын 88 чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү бар - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. "Кыргызстандын 88 чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү бар” – деп билдирди депутат Жыргалбек Турускулов, бүгүн, 25-майда "Парламент" радиосуна курган маегинде. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлү тармактык комитеттин жыйынында, чакан ГЭСтердин курулушу тууралуу маселе көтөргөндүгүн айтып, - “Энергетика - сууга бай келген өлкөбүздүн байлыгы. Ал мамлекетибизди экономикалык жактан алдыга сууруп чыга турган тармактардын бири. Ошондуктан биз буга шарт түзүп беришибиз зарыл” – деп кошумчалады. Өлкө ичинде 88 чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүктөр жетээрин айткан парламентарий, -"Азыркы тапта, чехиялык инвесторлор 17 ГЭС курууга бел байлашкан. Аларга бийлик курулуш иштеринде мыйзамдык база түзүп бериши керек",- дейт.

Депутат Ж.Турускулов электр энергиясына болгон тарифтерде өзгөртүүлөр болбой тургандыгын да түшүндүрдү. Себеби, -дейт ал, - "Быйыл 2016-жылдагыдай элу суунун көлөмү жетиштүү. Андыктан, электр энергиясынын тартыштыгы жана жарыкты өчүрүүлөр болбойт",- деп ишендирип.

Энергетикадагы дагы бир таянчтардын бири - бул чакан ГЭСтер. Аны куруу менен тармакты өнүктүрүү зарыл, - деген депутат “Акылдуу эсептегичтер” жаатында да ой бөлүштү. “Акылдуу эсептегичтер азыр ар кайсы мамлекеттен сатылып келип жатат. Бул ишти бир топ кыйындатат. Биз бир өлкөдөн гана сатып алып, бир сервер иштеши кажет.” – деп кошумчалады Ж.Турускулов. Бул коорупцияга жол берилбейт. Ошондой эле иштен чыккан техникалык жабдыктарды оңдоого өбөлгө түзөт,- деди эл өкүлү.

Депуттатын айтымына, бизде электр энергияга болгон тарифдин баасы башка мамлекеттерге караганда бир кыйла арзан. Себеби, биз 97% гидроэнергетиканын жардамы менен өндүрүлөт.

ГЭСтерди курууда албетте, жер маселеси да талаш жараткан учурлар жолугат. Себеби кээ бир жерлер эки айыл-өкмөтүнө тиешелүү болуп калган көрүнүштөр бар. Мындай маселелерди жергиликтүү бийлик чечип бериши керек,- деген оюн билдирди депутат. Чакан ГЭСтерди көбөйтүү келечекте, бир гана Кыргызстандын ички рыногун камсыздабастан, экспорттоого да кеңири мүмкүнчлүк түзөт деди,- депутат.

Пикир

Оставить комментарий