• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын биометрикалык паспортторунун бланктарын даярдай турган компания аныкталды

Коом 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын жаңы муундагы паспортторунун (e-Passport) – жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун бланктарын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, Кыргызстандын жарандарынын электрондук паспортторунун (биометрикалык e-Passport) бланктарын даярдап, камсыздоо боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында 655 млн 645 миң 250 сом сунуштаган Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы жеңүүчү деп табылган. 799 млн 989 миң 800 сом сунуштаган "Казакстандын Улуттук банкынын Банкнота фабрикасы" ишканасына экинчи орун берилген.

Каттоо кызматы билдиргендей, сынак 2020-жылдын 26-февралында жарыяланган. Сынактык билдирмелер 19-мартка чейин берилиш керек болчу.

Сынак тууралуу толук маалыматты бул шилтемеден алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий