• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Логвиненко көчөсүндө тротуар оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 14.09.23./Кабар/. Бишкектин Логвиненко көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө тротуар оңдолууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштери аталган көчөнүн эки тарабында тең жүргүзүлүүдө.

Учурда Логвиненко көчөсүнүн күн чыгыш тарабында Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин сугат лотоктору жана тротуарлардын бордюрлары орнотуу аяктап, Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бордюр орнотула баштады. Ошондой эле Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин бордюр жана ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктап,. тротуардын негизин даярдоо иштери башталды.

Ал эми батыш тарабында Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин ирригациялык системаны орнотуу иштери 80%га аткарылып, бордюр орнотуу иштери аяктады. Ошондой эле Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө карай эски асфальттарды алуу уланууда.

Белгиленгендей, Логвиненко көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоону келерки айдын башына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий