• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз делегациясы Корея жана Япония финансы институттары менен бир катар жолугушуу өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев жетектеген кыргыз делегациясы Корея финансы институттары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, Сеул шаарында Кореянын кредиттик кепилдик фонду, технологиялык финансы корпорациясы, Эксимбанкы, өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Кепилдик фонд" ААК менен Кореянын «КОТЕС» технологиялык финансылык корпорациясынын жана Кореянын "КОДИТ" кредиттик-кепилдик фондуларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюу өз ара кызматташтыкты жакшыртууга маанилүү кадам болуп саналат.

Маалымат алмашуу, окутуу программаларын ишке ашыруу, экспортко багытталган ишкердик субъекттерин колдоо боюнча пландар, ошондой эле соода-өндүрүштүк жана илимий-техникалык биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү ар кандай деңгээлде кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Каржылоонун жаңы инструменттерин жана механизмдерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле экономикалык тенденциялар жөнүндө маалымат алмашуу эки тарапка тең өз тажрыйбаларын жакшыртууга жана дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүп жаткан шарттарга көнүүгө жардам берет.

Бул кадамдар Кыргыз Республикасы менен Түштүк Кореянын ортосунда туруктуу жана жемиштүү мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Япониянын Токио жана Киото шаарларында Япониянын чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү агенттиги жана Сумитомо Мицуи банкынын өкүлдөрү, Япониянын кредиттик-капилдик корпорациялар федерациясы, жапон финансылык корпорациясы менен жана башка бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Тараптар эки өлкөдөгү чакан жана орто ишкерликти каржылоо, долбоорлорду насыялоо жана кепилдик берүү маселелерин, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты, ошондой эле уюмдардын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалыматтар менен алмашты.

Пикир

Оставить комментарий