• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу эл аралык туристтик көргөзмөгѳ катышты

Коом 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 30-сентябрдан 1-октябрга чейин Екатеринбург шаарында өткөн Expotravel - 2022 эл аралык туристтик көргөзмөгѳ катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Башкы консулдук «Кыргызстанды» жарнамалоо аянтчасын түзүү ишин уюштуруп, Кыргызстандын туристтик потенциалын тааныштырды.

Ошондой эле Кыргызстандын ден соолукту чыңдоочу мекемелеринин жана туристтик компанияларынын жарнамалык буклеттери таратылып, монитор аркылуу өлкөдөгү кышкы, жайкы, ден соолукту чыңдоочу жана туризмдин башка түрлөрүн өнүктүрүү жөнүндөгү видеороликтерди, тоо лыжа курорттору жана Ысык-Көлдүн алдыңкы санаторийлери көрсөтүлдү.

Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринин өтүнүчү боюнча жаңы ишкердик байланыштар түзүлүп, россиялык туристтик фирмалардын өкүлдөрүнө кызматташуу боюнча сунуштар берилди.

Урал туризм ассоциациясы Expotravel - 2022 көргөзмөсүн уюштуруп, күзгү-кышкы туристтик сезондорун салттуу түрдө ачат. Бул жылы катышуучулардын катарына чет өлкөлөрдүн дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү, Россиянын региондору, россиялык жана чет өлкөлүк туроператорлору менен мейманканалары, ошондой эле туристтик тармактын башка өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий