• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын президентин Казакстанга коштоп барчу делегациянын курамы

Саясат 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков казак тараптын чакыруусу менен расмий иш сапары боюнча Казакстанга учуп кетти.

Аэропорттон Жээнбековду КРнын биринчи вице-премьер-министри Аскар Мамин, ТИМнин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астананын акиминин орун басары Аскар Амрин жана КРнын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитов тосуп алат.

Сапардын алкагында Жээнбеков менен президент Нурсултан Назарбаевдин тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуусу күтүлүүдө. Тараптар ЕАЭБ алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Жолугушуунун аягында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Ошондой эле, КР президенти менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин жолугушуусу пландалган.

Астанадан соң, Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага барат. Ал жакта Жээнбеков КМШ өлкө башчыларынын бейформалдуу жолугушуусуна катышат.

Расмий делегациянын курамы:

- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

- Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева

- Президент аппаратынын биринчи орун басары Мухамедкалый Абылгазиев;

- вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев;

- ЖК депутаты Данияр Аттокуров;

- ЖК депутаты Алмазбек Эргешев;

- Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

- Экономика министри Артем Новиков;

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

- Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев;

- Президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Нурсулу Ахметова;

- КРнын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнарбек Токтомушев.

Коштоп жүргөндөрдүн катарында;

-КР өкмөтүнүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров;

-Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов;

-Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов;

- КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов.

Пикир

Оставить комментарий