• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо. Бул тууралуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык, 15-17-18 март күндɵрү тɵмɵнкү филиалдарда жылуулук берүү токтотулду:

-«Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын 6 отканасы токтоду, калган 3 откана иштеп жатат;

-«Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын бардык отканалары токтоду;

-«Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын бардык отканалары токтоду;

-«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын бардык отканалары токтоду.

Эскерте кетсек, эгерде 5 күн катары менен термометр боюнча орточо суткалык температураны +8 градустан жогору кɵрсɵтсɵ, жылуулук берүү токтотулат.

Филиалдар алдыдагы 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий