• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу аймактарында, унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 11-марттан 14-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу);
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымында;
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун: 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун: 0-3-чакырымында;
  • Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу);
  • Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымында;
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу);

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий