• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертет

Коом 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Бишкек шаарында 2023-жылдын 24-августунан 31-декабрына чейин бардык түрдөгү тынч жыйындарды, митингдерди, пикеттерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирет.

Мындай чара Бишкектин Октябрь районунда жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болуучу массалык баш аламандыктарды алдын алуу максатында кабыл алынган.

Бул чаралар муниципалдык администрациянын 2023-жылдын 23-августундагы № 218-р буйругунун жана Октябрь сотунун 2023-жылдын 25-августундагы № ЖИ-4718/23.Б2 токтомунун негизинде КРнын "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамынын 14-15 беренелерине ылайык көрүлгөн.

Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларга, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ИИБнын №27 мекемесинин (СИЗО-1), Бишкек шаарынын мэриясынын, Октябрь райондук сотунун, Октябрь райондук прокуратурасынын, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, билим берүү жана медициналык мекемелердин имараттарынын жанында, базарлардын жана соода комплекстеринин аймактарында, "Д. Асанов", «Ынтымак- 1», «Ынтымак -2», «Адинай», «Кыргызстан жана Азербайджан достугу» «Ата-Түрк» атындагы сейил бактарында тыюу салынат.

Кошумчалай кетсек, социалдык түйүндөрдө белгилүү бир маршрут боюнча автожүрүш тууралуу маалымат таратылууда. Өз кезегинде муниципалитет жогоруда аталган иш-чара тууралуу расмий билдирүү албаганын белгилейбиз.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды коомдук тартипти сактоого жана КР мыйзамын бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий