• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлардын ордуна жашыл аймактар болот

Коом 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлардын ордуна жашыл аймактар болот, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы менен биргеликте башаламан унаа токтотуучу жайлардын ордуна жашыл бак-дарактарды отургузат.

Жашыл аймактарды көрктөндүрүү алдында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Тыныстанов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишине агынды сууларды кабыл алуу үчүн жол бордюрларын жана торлорду орнотушууда, ошондой эле таман таштарды монтаждоо иштери аяктады.

Ошондой эле Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине 20 жол бордюр, Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине 40 даана жол бордюр орнотулуп, асфальт төшөөгө негиз даярдалууда.

Байтик Баатыр жана Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде 190 жол бордюрлары орнотулуп, асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, башаламан унаа токтотуучу жайларды тазалоо учурунда дээрлик 230 тонна курулуш таштандылары алынган.

Пикир

Оставить комментарий