• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондун Кара-Ой айылында мектептин жаңы имараты курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылында Жусубали уулу Жолдош атындагы №41 мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Парламенттен билдиришкендей, аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, бир катар депутаттар, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 139 млн сом каралып, 112 млн сомдук сунуш менен тендерден уткан компания курулуш ишин баштады.

Белгиленгендей, аталган мектептин колдонуудагы имараты ашар жолу менен курулуп, 1989-жылы ишке берилген. 90 орунга ылайыкталган мектепте азыр 120 окуучу билим алат. Эскилиги жетип, авариялык абалда экенине байланыштуу жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынган.

Муктаждыкты эске алып, кийинки окуу жылына чейин заманбап мектепти сапаттуу бүткөрүү талабын койгон төрага жаңы мектеп куттуу билим уясына айлансын деген тилегин билдирди.

Капсула салуу аземинин алкагында жергиликтүү тургундар менен да баарлашкан Нурланбек Шакиев өлкөдөгү жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, калктын сунуш-пикирин укту.

Пикир

Оставить комментарий