• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжа районунда 150 орундуу мектептин жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылына курулган Ысак Жорокулов атындагы орто мектептин жаңы имараты ачылды.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарага төрага Нурланбек Шакиев баштаган эл өкүлдөрү катышты.

Аталган мектептин буга чейин колдонулуп келген имараты 1974-жылы ашар жолу менен курулуп, 2014-жылы авариялык абалда экендиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу чыккан. Ага ылайык, өткөн жылы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган.

Ачылыш аземинде жергиликтүү тургундарды, мугалимдер менен окуучуларды жаңы билим уясы менен куттуктаган төрага Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын максаты тууралуу да учкай кеп кылды.

"Элибизде "Миң уккандан бир көргөн артык" - деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, табияты катаал тоолуу райондо жашаган жергиликтүү калк менен жолугушуп, көйгөйлөрүн көрүп, маселелерин угуу үчүн келдик. Баарыбыз билгендей, Кыргызстандын көпчүлүк калкы тоолуу райондордо жашайт. Андыктан тоолуу аймактарды өнүктүрүү, андагы жашаган калктын турмушун жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени айыл өнүкмөйүн, өлкөбүз алдыга жылбайт", - деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформаларга токтолгон Төрага экономикалык жааттагы жетишкендиктер тууралуу сөз кылды.

Мындан сырткары, уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу менен аларга каржылык колдоо көрсөткөндөрдү аныктоо жаатында да көп иштер жасалып жатканын айткан Нурланбек Шакиев мыйзам үстөмдүгү баарынын бийик турарын, өлкөдөгү туруктуулук өнүгүүгө өбөлгө экенин кошумчалады.

Муну менен катар акыркы үч жыл аралыгына айлык маяналар, жөлөк пулдар, пенсиялар эселеп көбөйтүлгөнүн эске салып, дагы көтөрүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

"Бирок заманбап мектептер салынып, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылып жатканына карабай, билим берүүнүн сапаты өтө төмөндөп кетти. Андыктан, түзүлгөн шартты туура пайдаланып, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айрыкча элет жериндеги балдарга татыктуу таалим-тарбия беришибиз кажет. Анткени, тоолуу элдин арасынан таланттуу, өнөрлүү инсандар, эл башкарган азаматтар арбын чыгат", - деди Нурланбек Шакиев.

Белгилей кетсек, төраганы депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Улан Примов, Эмиль Токтошев, Нуржигит Кадырбеков, Азамат Исираилов, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий