• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-13-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий