• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-майынан 11-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223, 231, 246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 199-215 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 75-85-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий