• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга бардыгы болуп 302,5 тонна пестицид ташылып келинди

Экономика 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстанга 28-мартка карата бардыгы болуп 302,5 тонна пестицид ташылып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен үрөн ууландыргычтар - 30 тонна, гербициддер - 149,6 тонна, инсектициддер - 84 тонна, фунгициддер - 38,9 тонна ташылып келинген.

Пестициддерге болгон орточо баа төмөнкүлөрдү түзөт:

үрөн ууландыргычтар - 600-700 сом/л;
гербициддер - 600-3000 сом/л,кг;
инсектициддер - 600-2500 сом/л,кг;
фунгициддер - 650-2800 сом/л,кг.

Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын бардык түрлөрүнө орточо баа 2021-жылга салыштырмалуу 10-15 %га өстү.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын туура пайдалануу боюнча практикалык жардамдарды көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий