• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга чет жерден дагы 8 миңге жакын жаран келүүнү каалап жатат – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга чет жерден дагы 8 миңге жакын жаран келүүнү каалап жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Ал белгилегендей, пандемия башталгандан бери өлкөгө чет жерден 20 миң 638 жаан кайтарылган.

“Учурда мекенине келүүнү калаган жардардын саны арбын. 6-июлга карата дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн 7 миң 812 жараныбыз мекенге кайтууга көмөк көрсөтүү боюнча чет жердеги мекемелерибизге кайрылган. Биз алар менен тыгыз байланышта болуп жатабыз. Ошол эле учурда өлкөдө оор эпидемиолиялык абал болуп жатканын, саламаттык сактоо мекемелерине, медицина кызматкерлерине оордук келип жатканын белгилеп кетүү керек. Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Чет жердеги жарандарды мүмкүнчүлүк болсо абал турукташканча алар жашап жаткан өлкөдө калып турууга чакырабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий