• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга Казакстандан 400 жасалма дем алдыруучу аппарат, 2 млн беткап келди

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 400 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 млн беткап берди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Гуманитардык жардамдын баасы 77,7 млн сомду түзөт.

Жасалма дем алдыруучу аппараттар менен беткаптар Бишкекке бүгүн алынып келип, аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү иш-чарасы эртең, 26-ноябрь күнү болуп өтөт.

“Кыргыз тарап көрсөтүлгөн жардам үчүн Казакстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, коронавируска каршы күрөштө көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалайи”, - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий