• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди

Саясат 0

Бишкек, 18.11.21./Кабар/. Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) президенти Рустам Минниханов бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий