• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж. Техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу 2023-жылы аяктайт

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу 2023-жылы аяктайт. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдирди.

Анын айтымында, бул жылы үч тарап тең долбоор боюнча деталдуу сүйлөшүүлөргө киришишти.

"Биз техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга адистерди тартуу чечимин кабыл алып, 2-августта Кытайдан 157 адис келди. Алардын бир тобу Нарынга, экинчи тобу Жалал-Абад облусуна барды. ТЭНди иштеп чыгуу 2023-жылдын экинчи кварталында аяктайт", - деди ал.

Инженер Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал-Абад маршруту мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калганын кошумчалады.

"Курулуш боюнча биз азырынчы маселе көтөрө элекпиз, ошондуктан жолду ким курары азырынча белгисиз. Бул иш менен ТЭНден кийин алектенебиз", - деди инженер.

Пикир

Оставить комментарий