• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым райондорунда 14-мартта суу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. 14-мартта Бишкектин айрым райондорунда иче турган суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкексууканал” башкармалыгы билдиргендей, 14-мартта 9:00дөн 17:00гө чейин борбор шаардын айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат. “Белинский” суу алуу жайындагы оңдоо-алдын-алуу иштерине байланыштуу Калык Акиев, Күреңкеев, Логвиненко жана Чүй, Панфилов, Жибек-Жолу, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүндө, Т.Сатылганов атындагы филармонияда, “Кожомкул атындагы спорттук-дене тарбия борбору” МИде, «Фабертэк» ЖЧКда, №3 шаардык гинекологиялык ооруканасында, «Жапан Стайл» ЖЧКда, “Океан” дүкөнүндө, «КОСиКОГ» ЖЧКда, Улуттук статистика комитетинин имаратында, “Пекин” ресторанында, Кыргыз Улуттук университетинде, Мамлекеттик санэпидкөзөмөл Департаментинде, “Спартак” башкы спорттук аренасында, “Телеком” РПО РМТР филиалында, Кыргыз билим берүү академиясында, Кыргыз драма театрында, Улуттук китепканада, Биринчи Май райондук администрациясында, Т.Молдо-Жибек-Жолундагы Энергия сатуу ишканасында, КР Президентине караштуу Мамакадемиясында, Жибек-Жолу-Логвиненкодогу Свердлов райондук Билим берүү борборунда суу токтойт.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калк, мекеме, уюмдардан иче турган сууну көбүрөөк камдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий