• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай Кыргызстанга лайм, лимон жана алмуруттун экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Кытай Кыргызстанга лайм, лимон жана алмуруттун экспортун өстүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык сооданы өнүктүрүү жана ишкердик кызматташууну кеңейтүү боюнча иш-чаралардын алкагында Кытайдан Кыргызстандын аймагына жаңы лайм, лимон жана алмурутту экспорттоого көмөктөшүү боюнча жыйын өттү.

Катышуучулар бул мөмө-жемиштерди экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулап, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы сооданы көбөйтүү боюнча иш-чаралардын иштеп чыгууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий