• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Росинбанк" ААКсы адистештирилген банк болот. Улуттук банк мекемедеги үлүшүн арттырып, 95% үлүшкө ээлик кылат

Экономика 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. "Росинбанк" ААКсы адистештирилген банк болуп, анын негизги багыты инфраструктураны, байланыш жана турак-жай курулушун насыялоо болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, ал үчүн "Росинбанктын" уставдык капиталы кошумча 3 млрд. сомго көбөйтүлөт.

"Мындай чечим Улуттук банк тарабынан, банктын ишмердигин чыңдоонун алкагында кабыл алынган. Капиталдаштыруу жасалгандан кийин Улуттук банктын "Росинбанк" ААКсындагы үлүшү 95%ды түзөт. Бул иш-чара менен "Росинбанкты" калыбына келтирүү процесси аягына чыгат. Банктын ишмердигин адистештирүү калктын банктык жана каржылык кызмат алуусунун жеткиликтүүлүгүн арттырат", - деди ал.

Ал белгилегендей, банк "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын ипотекалык продукттарына жакын шарттарда 1 млрд. сомдон ашык каражатты аймактарда ипотекалык насыяларды берүүгө жумшай турганы каралууда.

"Улуттук банк "Росинбанктын" менеджмент менен камсыздап, анын ишмердиги пайда алып келе баштагандан кийин өзүнүн акция үлүштөрүн сатуу маселесин караштырат. Азыркы учурда аталган банкты сатуунун ар кандай варианттары, анын ичинде эл аралык фонд рыноктору аркылуу да ачык сатуу жактары каралууда", - деди ал.

Абдыгулов "Росинбанк" ААКсынын акцияларынын алтынчы эмиссиясы аяктагандан кийин банктын уставдык капиталы дээрлик 4,5 млрд сомду түзөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий