• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарында "Агрокомплекс" окуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында "Агрокомплекс" окуу борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган борбордон дыйкандар кулпунайды интенсивдүү ыкма менен тигүүнү окуп үйрөнөт жана тажрыйба алмашуу, өндүргөн продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Борбордун ачылуу аземине катышкан КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров ишкерлер менен дыйкандарды бул саамалык менен куттуктап, кулпунайды өстүрүү жана экспортко чыгаруу аракеттери, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө зор салымын кошооруна ишеничин билдирди.

Борбор "Эко азык" жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте ачылды. Аталган бирикме Кыргызстандын эки шаар, беш облусунда "Клубника Кыргызстан" жана "Агро комплекс" деген маркалары менен айыл чарба багытында иш алып барат.

Белгилей кетсек, учурда Баткен районунда беш ишкер 10 гектер, Кадамжай районунда 36 ишкер 18 гектер, Баткен шаарында 17 ишкер 2 гектер жер аянтына кулпунай өстүрүп келишет.

Пикир

Оставить комментарий