• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызыл-Кыяда өрттөн 67 жаштагы аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 67 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Солнышко көчөсүндөгү турак үйдүн 20 чарчы метр ашканасы жана уктоочу бөлмөсү күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий