• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лейлек эч кандай анклав болуп калбайт! Ташиев Ворух жана №39 протокол боюнча пикирин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев журналисттерге Ворух анклавы жана №39 протокол боюнча маалымат берди.

Ташиевдин билдирүүсүндө караганда, №39 протокол боюнча айрымдар ар кандай кептерди айтып, ушактар тарап жатат.

“Лейлек эч кандай анклав болуп калбайт. Коомчулукта айтылган айың кептер жалган. №39 протоколду кабыл алып жатканда анын аткарылышы боюнча механизмдерди карап чыкканбыз. Протоколдун аткарылышында жазылгандай, Ворухка жол бериш үчүн биринчиден, анын статусун аныктап чыгышыбыз керек. Ал мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат”, - деп, мамлекеттик чоң келишим түзүлүп, андан кийин гана чечим кабыл алынарын баса белгиледи.

"Лейлек эч качан анклавда калбайт. Лейлекке кетчү эки жол болот: Ак-Сай—Рават жана Төрт-Көчө аркылуу", - деп кошумчалады УКМКнын төрагасы

Пикир

Оставить комментарий