• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Карагулов Кувейттин премьер-министринин орун басары, коргоо министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Кечээ, 1-ноябрда Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин премьер-министринин орун басары, коргоо министри шейх Хамад Аль-Жабер Али Аль-Салим Аль Сабах менен жолугушуп, эки тараптуу ар кайсы тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Карагулов кыргыз-кувейт мамилелерин өнүктүрүүдөгү элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу, анын натыйжалары жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди. Эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттам ачылгандан баштап кувейттик туристтердин көбөйүүсүн жана соода алмашуунун көлөмүнүн өсүүсүн белгиледи. Элчи шейх Хамад Аль Сабахты Кыргыз Республикасындагы СССР мезгилинен бери калыптанган аскердик билим берүү тарыхы менен тааныштырып, өлкөнүн аскер учкучтарды даярдоо тажрыйбасы жана ал окуу жайлардан билим алган араб дүйнөсүндөгү белгилүү бүтүрүүчүлөрү тууралуу тааныштырды.

Премьер-министрдин орун басары, коргоо министри шейх Хамал Аль-Жабер Аль Сабах Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин Кувейт менен кызматташууну жандантуу аракеттерин кубаттады жана эл аралык уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн өз ара колдоого умтулуусуна, кувейттик жарандарга визасыз режимди киргизүүсүнө, өз ара пайдалуу бардык тармактардын кызматташууга ачыктыгына жогорку баасын берди.

Тараптар коргонуу тармагында дагы кызматташуу тууралуу пикир алмашып, анын ичинде Кыргызстандын табигый шарттарын биргеликте тоо шарттарында аскерлерди даярдыктан өткөрүү жана аскерлердин эс алуу жана калыбына келтирүү программасын уюштурууну, эки өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында өз ара араттенишүүсү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий