• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ИИМ полиция ишмердиги боюнча РФ ИИМдин тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 20.04.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Россиянын КРдагы элчиси Андрей Крутько менен КР ички иштер министринин орун басар Курсан Асанов жолугушту.

КР ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашып, ушул багытта кызматташууну бекемдөө тууралуу сүйлөшүштү.

Курсан Асанов өз сөзүндө, өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин кызматташуусун өнүктүрүү боюнча расмий иш сапары менен барганы чоң таасир тийгизди деп билдирди.

Андан сырткары, ички иштер министрлигинде жүрүп жаткан реформа боюнча чаралардын негизинде министрдин орун басары К. Асанов Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин полиция ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбаларын өздөштүрүүгө кызыктар экендигин билдирип кетти.

Ошондой эле, эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин кызматашуусунун негизинде Россиянын ИИМи тарабынан 26 миллион рубльга жакын акча каражатына жардам көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарымдуу элчиси А.Крутько эки министрликтин кызматташуусу бекемдеп жаткандыгын билдирди. Ушуга байланыштуу, эки өлкөнүн ички иштер министрлигинин укуктук маселелер боюнча өкүлдөрү боюнча мамлекеттер аралык макулдашууга кол коюу маанилүү экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий