• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Төмөнкү Жал менен Гагарин көчөсүндө газ, жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бишкектин Төмөнкү Жал кичирайону менен Гагарин көчөсүндө жаратылыш газы, жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаманбаев көчөсүндө жер астындагы газ түтүктөрүн оңдоо жумуштарынан улам “Газпром Кыргызстан” ишканасы газ берүүнү токтотту.

Мындан улам “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы да 1-5-ноябрь аралыгында Төмөнкү Жал кичирайону менен Гагарин көчөсүндө жылуулук менен ысык сууну берүүнү токтотту.

Пикир

Оставить комментарий