• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлек: Энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 2.05.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КРнын Президентинин 2018-жылдын 16-майында Баткен облусундагы 41 эне “Баатыр эне” ордени менен 22 эне “Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыгы чыккан.

Жарлыкка ылайык Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев энелер күнүнүн урматына Лейлек районунун аймагындагы көп балалуу энелерге медаль, ордендерди тапшырды.

"Өкүл энелерди майрам менен куттуктап, сак саламаттык, узак жашоо жана бакубат турмуш каалады. Энелер, сабырдуулугу, эрктүүлүгү, камкордугу менен ыйык деп белгиледи",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий