• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лейлекте 31 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа сууга кулады

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы сууга 31 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа кулаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун болжол менен түнкү саат 23:41 чамасында болгон. Жүк ташуучу унаа “Кушлук-Сай” каналынын көпүрөсү аркылуу бара жатып, сел агымына туруштук бере албай сууга кулаган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, унаадагы күйүүчү майды сордуруп алганга жадам беришкен. Учурда жол кырсыгы боюнча милиция иликтөө иштери жүргүзүп жатат.

Эске сала кетсек, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлекте сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий