• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте аялын сабаган жаран коомдук жумуштарды аткарат

Аймак 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Лейлек райондук соту аялын сабаган 53 жаштагы Б.А.Р. аттуу жаранды коомдук жумуштарды аткартуу өкүмүн чыгарды.

Соттун токтомунда айтылгандай, тергөөнүн аныктаганы боюнча окуя ушул жылдын 15-апрель күнү болгон. Ал, жубайын эч себепсиз сабаган. Мындан улам, аялы ооруканага жаткырылып, ал жактан дарыланып чыккан.

Соттук отурумда ал, күнөөсүн моюнуна алып, сотту катаал чечим чыгарбашын суранган. Ал эми, жабыр тарткан аял сотту адилет чечим чыгарып берүүсүн өтүнгөн.

Сот, ал жаранды Жоруктар жөнүндө Кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча айыптуу деп таап, 45 саатка коомдук жумуштарды аткартуу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий