• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лейлектин Катраң айылында жаңы көпүрөнүн ачылышы болду

Аймак 0

Бишкек, 04.09.17 /Кабар/. Эгемендүүлүк майрамына карата Лейлек районунун Катраң айылында Баул, Өзгөрүш,Катраң айылдарын байланыштырган борбордук көпүрөнүн салтанаттуу ачылышы болуп, пайдаланууга берилди.

Жаңыдан курулган көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 15 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Катраң айыл аймагынын башчысы Шарабидин Полотовдун айтымында, буга чейинки эски көпүрөнүн курулганына жарым кылым убакыт болуп, авариялык абалга келип калган болчу. Эми минтип жаңы көпүрө курулуп, 10000ден ашуун калк жашаган айыл аймактын муктаждыгы чечилди.

Көпүрөнүн салтанаттуу ачылышына КРнын Президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл эли катышты.

Пикир

Оставить комментарий