• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузак районунда 16 адам балмуздактан ууланды

Аймак 0

Бишкек, 04.09.17 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 16 адам балмуздактан ууланды. Бул тууралуу Саламттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13 адам ооруканага жаткырылып, эртеси күнү чыгарылышкан. Дагы үчөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Маалым болгондой, алар 1-сентябрда тамактануучу жайлардын биринен балмуздак жеп ууланышкан.

Билдирүүдө калган азык сатыктан алынып, лабораториялык иликтөөдөн өткөрүлүп жаткандыгы айтылат.

Министрликтен кабарлашкандай, 2017-жылдын башынан тарта республика боюнча тамак аш аркылуу ууланган 69 факты катталып, анда 227 адам ууланган.

Маалыматта, коомдук тамактануучу жайлардан уулангандардын саны азайгандыгы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий