• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лев Васильев: Камбар-Ата ГЭСинин курулушу республиканы энергетикалык коопсуздук менен камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берди. Мамлекет башчысы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.

КРнын энергетика ардагери Лев Васильев аталган ГЭСтин курулушу өлкөдө тармактын өнүгүүсүнө оң таасирин берерин белгиледи. Ардагердин айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык туруктуулук менен камсыздайт.

“Азыркы учурда кубаттуулуктар жетишсиз жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушу оң таасир этет. Анткени, гидроэнергетика пайдубалдуу элемент, анын ар бир элементин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн анык салым. Жаңы ГЭС Нарын дарыясынын агымын жөнгө салууга толук мүмкүнчүлүк берет, анткени дарыянын суусу бирдей, бирок станциялар канчалык көп орнотулса, электр энергиясы да ошончолук көп болот. Кыргызстан тоо дарыялардын көптүгү менен бай”, - деди адис.

Васильев белгилегендей, курулуш бир нече жылдык убакытты талап кылат, анткени долбоор чоң, станция өтө кубаттуу жана тоодо жайгашкан, бирок курулуш республика үчүн чоң пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий