• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өмүрбек Текебаевге байланыштуу жагдайды саясатташтыруунун кереги жок – Иса Өмүркулов

Саясат 0

Бишкек, 1-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу жагдай ички маселе болгондуктан, аны эл аралык уюмдарга кайрылбастан, өз алдынча чечишибиз керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, Ө.Текебаевдин кармалышы резонанстуу окуя болуп саналат.

“Бүгүн коомчулуктун пикири экиге бөлүнүп турат: Текебаев күнөөлүү же жок. Чындыкты аныктоо үчүн тергөө жүргүзүүгө тоскоол болбостон, аягына чыгарууга мүмкүндүк берүү керек. Аида Салянова (эскертүү: мурдагы Башкы прокурор) мага карата кылмыш ишин козгогондо, мен жеке өзүм мындай кырдаалды башыман өткөргөм. Анда иш далилденген деп айтылган. Ошондуктан учурда кырдаалды саясатташтыруунун кереги жок”, - деди ал.

Ошондой эле, Иса Өмүркулов ошол учурдагы Убактылуу өкмөткө көлөкө түшүп жаткандыктан бул маселени чечкиндүү түрдө аягына чыгаруу керектигин билдирди.

“Бул маселени биз өз алдынча, эл аралык уюмдарды аралаштырбастан чечишибиз зарыл. Сиздер, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү элди көчөгө чыгууга үндөбөстөн, Текебаевге өз позициясын далилдөөгө жардам беришиңиздер керек. Кылмыш ишин козгогондор да, тергөө жүргүзгөндөр да өз жоопкерчиликтерин сезип турушат. Эртең алар да жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондуктан бардык тараптар бул иштин акыйкат болушуна кызыкдар. Аны камакка алышпаганда жакшы болмок, эч кимге мындайды каалабайм, себеби ал жакта өзүм да болгом. Бүгүн биз УКМК башчысын жана Башкы прокурорду суракка алгандай эле болдук”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий