• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова «Афганистандагы аялдардын укугун жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүү» аттуу конференцияга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 5-сентябрда, Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн «Афганистандагы аялдардын укугун жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүү» аттуу конференцияга катышты.

Өз сөзүндө Алтынай Өмүрбекова Афганистандагы тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого багытталган казакстандык тараптын демилгесин колдоого алды.

«Конференция Афганистандын тынч өнүгүүсүнө карата аялдардын кошкон салымын жана ордун, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясий тармагындагы алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн алардын мамлекет ишине катышуусун жогорулатуу жолу аркылуу кеңейтүү маселесин талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат» – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова Кыргызстандагы аялдардын социалдык-экономикалык жана саясий корголуусу жаатындагы реформаларды жүргүзүү тажрыйбасына, эл аралык укуктук милдеттенмелер алкагындагы аткарылып жаткан иштерге, ошондой эле Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшүнө өзгөчө токтолду.

«Жетишилген жыйынтыктарга карабастан, биздин алдыбызда чоң иштер турат жана биргелешкен күч-аракеттерди бул тармакка, анын ичинде БУУнун туруктуу өнүктүрүү Максаттарына жетишүүгө багыттоо зарыл» – деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий