• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медицина кызматкерлеринин кепилденген маянасы толук көлөмдө төлөнүүдө - Исмаилова

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту жалпы 2 миң 711 медкызматкер жуктуруп алган. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлиги медициналык персоналды колдоо жана реабилитациялоо боюнча алгоритмин иштеп чыгууда.

“Медицина кызматкерлеринин кепилденген маянасы толук көлөмдө төлөнүүдө. Дарыгерлер эмгек акысыз өргүүгө жөнөтүлүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тобокел аймакта болгон дарыгерлер гана аралыктан иштеп жатышат”, - деди ал.

Исмаилова белгилегендей, бүгүнкү күндө тобокел аймакта, стационар жана тез жардам кызматынын фельдшерлерине төлөнүүчү төлөмдүн көлөмү жогорулаган.

“Мурда эпидемиянын очогунда иштеген дарыгерлерге төлөнгөн акчанын суммасы 47 миң 100 сом болсо, азыр ал сумма 72 миң сомго чейин көбөйдү. Мындан тышкары, бул топко патологоанатом да кирип, алардын бир айлык ишине төлөгөн акысы болжол менен 78 миң сомду түзөт”, - деди вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий