• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы: Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. "Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз", - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болгондугун айтты. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 13,9 млрд сомду түздү.

"Мындай профицит – биздин тарыхыбызда эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз", - деп, Жапаров жакынкы 3 жылдын аралыгында “1 трлн” деген тарыхый көрсөткүчтү алышыбыз керек деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий