• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 23,2 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 15-21-январь аралыгында Кыргызстандын аймагында 23 миң 240 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-251;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -333;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-49;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 281;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 648;
- авто ээнбаштык - 12;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 405;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14260;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1210 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий