• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы: 2023-жылы чек арага байланыштуу 43 жолугушуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жылы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланыштуу 43 жолугушуу өттү. Байма-бай өткөрүлгөн жолугушуулар тынчтыкты сактоого өбөлгө болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Алимбаев өз сөзүндө 2023-жыл ичинде облустун аймагында негизги үч багыт боюнча иш алып барылгандыгын айтты. Алар;

  • тынчтыкты камсыздоо;
  • калыбына келтирүү;
  • өнүгүү багыттары.

Облус башчысы алгач тынчтыкты камсыздоо багытындагы жолугушуулар тууралуу маалымат берди.

Облустун аймагында тынчтыкты камсыздоо, чек ара маселелерин чечүү үчүн кыргыз-тажик республикаларынын бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү менен жалпы 43 жолу жолугушуу өткөрүлдү. Алар;

  • УКМК төрагаларынын деңгээлинде;
  • облустук жетекчиликтин деңгээлинде;
  • облустук чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде;
  • облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин деңгээлинде өткөн.

Мындан сырткары, райондук жетекчилердин жана чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуулар байма-бай уюштурулуп турду.

Ал эми 2023-жылдын 17-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Баткен облусунун, Өзбекстандын Фергана облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилерин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алып, үч тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.

Жогоруда белгиленген эки тараптуу жолугушуулардын негизинде, чек ара аймактарындагы маселелер жеринде, ыкчам чечилип, облустун аймагында тынчтык орун алды.

"Жыл ичинде олуттуу чек ара окуялары катталган жок", - деди облус башчысы.


Белгилей кетсек, Бишкекте министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйыны өтүүдө.

Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери 2023-жылга жасаган иштери боюнча отчет берип, 2024-жылга карата иш-пландарын сунуштайт. Андан соң тренинг уюштурулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий