• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын 218-кварталынын инфраструктурасы жакшыртылат

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын 218-кварталынын инфраструктурасы жакшыртылат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн биринчи вице-мэр Марс Исаев тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери менен биргеликте аталган кварталдын жашоочулары менен жолуккан.

"Жолугушууда Исаев баштаган топ тургундардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты. Буга чейин тургундар мэрдин жеке кабыл алуусунда болуп, арыз-муңдарын айтышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушууда ичүүчү сууну сугат үчүн пайдаланып жаткан жашоочулардын айынан калган тургундарга суу жетпей жатканын айтышты. Ал маселе боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине ичүүчү сууну сугат үчүн пайдаланып жаткан жарандарга тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Кошумча электр мамыларын орнотуу маселесин Ош шаарынын мэриясынын кошо каржылоо программасы аркылуу чечүү сунушталды.

Жолдорду асфальттоо маселеси келерки жылы Ош шаардык жолдор башкармалыгынын иш планына киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий