• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Өлкө экономикасынын реалдуу секторунда 2023-жыл – тарыхый чекти баскан жыл болду

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторунда 2023-жыл – тарыхый чекти баскан жыл болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ички дүң продукттун көлөмү 1 трлн 228 млрд 900 млн сомду түздү, өсүү темпи 6,2%. Кумтөрдү кошпогондо 1,15 трлн сом, өсүү – 8,1%ды түздү.

"Инфляция 2022-жылдын декабрына салыштырганда 7,3%га түштү. Өлкөдө социалдык маанилүү товарларга болгон баалар дээрлик туруктуулукта кармалды (Жаңы жылдын алдында баа кымбаттады” деген ызы-чуу жок). Анткени санариптик контролдор, ККМ, ЭТТН, ЭСФ ж.б. фискалдык механизмдер иштей баштады", - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы экономикадагы реалдуу сектордун үлүшүндө кызмат көрсөтүүлөр 50,8%, товар өндүрүүчү тармактар 32,3%ды түзгөндүгүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий