• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө 273 адам чыкты

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 22-январда саат 09:30га жакын Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү ӨКМдин куткаруучулары. Алар 5 дрон, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин башташты. Ал эми ИИМдин 110 кызматкери 1 дрон, 4 техникасы менен чыгышты. Жалпы 14 техника тартылды.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий