• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Асел Чынбаева Кыздардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Кыргызстандагы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан уюштурулган Кыздардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага катышты.

Кыздардын эл аралык күнү жыл сайын 11-октябрда белгиленет жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча глобалдык платформа болуп саналат. 2023-жылы бул күндү майрамдоонун глобалдык темасы: "Кыздардын укуктарына инвестиция салыңыз: биздин лидерлик, биздин бакубатчылыгыбыз".

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектептеринин кыздары бизнес, активдүүлүк, чыгармачылык жана IT чөйрөсүндөгү лидер аялдардын мотивациялык сөздөрүн угушту, конкурстарга, уюмдардын жарманкесине катышты.

Асел Чынбаева өз сөзүндө кыздар - бул келечек гана эмес, алар - бүгүнкүбүз, биздин милдетибиз - аларга күчтүү жана көз карандысыз инсандар катары өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү экендигин белгиледи.

Иш-чаранын негизги учурларынын бири 50 миңден ашуун кыз катышкан "Илимдеги кыздар" программасынын бет ачары болду. Аларга теңтуштары STEM (табият илим, технология, инженерия жана математика) жана лидерлик боюнча атайын тренингдерди өткөрүштү.

ЮНИСЕФтин сурамжылоолору катышуучу кыздардын жашоо предметтери жөнүндө маалымдуулугу 10 эседен ашык жогорулагандыгын көрсөттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында "Кыргызстан кыздарынын резолюциясы" сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий