• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Кыргыз киносунун алтын доорундагы тасмалар менен сыймыктанабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.23./Кабар/. «5-6 жылдын ичинде, кыргыз киносунун жана көркөм сүрөт искусствосунун шедеврлерин жараткан 1960-70-жылдардагы доор кайталанып, кыргыз маданиятынын экинчи ренессансы болот деп үмүттөнөбүз. Бүгүнкү күндө кыргыз киносу жаңылануу мезгилин башынан өткөрүүдө», — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек эл аралык биринчи кинофестивалынын ачылыш аземинде.

Ал белгилегендей, маданий дипломатия-Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Эл аралык Бишкек кинофестивалы Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө көмөктөшүп, өлкөбүздү эл аралык деңгээлде тааныткан маанилүү иш-чара болуп саналат.

«Кыргыз кинематографиясынын тарыхы жана салттары терең. Ал 1960-1970-жылдары «Кыргыз керемети» деп аталган өзүнүн гүлдөгөн учурун башынан өткөргөн. Кыргыз киносунун алтын доорундагы тасмалар менен сыймыктанабыз. Бул кинофестиваль дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналганы Кыргыз Республикасы үчүн чоң сыймык. Кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун киного кошкон салымын сыймыктануу менен белгилейбиз. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар дүйнөлүк кинематографиянын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы, 2022-жылы маданият, спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына 5,1 миллиард сом, 2023-жылы 7 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди. Анын ичинен 4 миллиард сом маданият тармагына, 348,8 миллион сом кино жаатына бөлүнгөн. Ошондой эле, КР Президентинин жарлыгы менен маданият тармагына резервдик фонддордон 670 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий