• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Мыйзам алдында жооп берет". Камчыбек Ташиев Көлбаевдин мүлктөрү жана Азим Рой жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кайыңды шаарында УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын расмий ачып жатып, акыркы убакта орун алган бир нече окуяларга байланыштуу өз пикирин билдирди.

Алсак, Ташиев "мыйзамдагы ууру" аталган маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) мүлктөрү тууралуу айтты.

"Эгерде балдары, аялы, туугандары мыйзамды бузбаса биз аларга тийбейбиз. Аялы ресторанын сурады бөлүп бердик, унаасын да бердик. Үч кызына үч батирин, эки баласына эки батирин, жер тилкесин бердик. Таза эмгеги менен жашасын, бирок анын мыйзамсыз мүлктөрүн мамлекетке алдык", - деди ал.

Ташиев ошондой эле жакында эле УКМК тарабынан издөөгө жарыяланган Көлбаевдин өкүл атасы, жеке ишкер Азим Рой тууралуу айтып, ал кылмыштары үчүн жооп бере тургандыгын баса белгиледи.

"Азим Рой Кыргызстанга келгенде президент, мен да кабыл алгам. Ошондо ал өзүнүн мурдагы криминалдык иштерин токтотконун айтып, эми өзүн инвестормун деген. Президент да мыйзамды бузбагыла деп айткан. Бирок андан бери эки жыл өттү. Азим Рой Кыргызстанга завод-фабрика эмес, бир күркө да салган жок. Кайрадан мурдагы өзүнүн жумуштарын баштады: элди талап-тоноо, коркутуу, акчанын күчү менен укук коргоо, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарын сатып алуу. Мына ошондо биз ага карата чара көрдүк. Бизге андай инвестордун кереги жок. Азим Рой сөзсүз мыйзам алдында жооп берет", - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий