• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова: Акыркы жылдары Бишкектеги абанын абалы тынчсыздандырууда

Өкмөт 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар уюмунун (ЮНИДО) Айлана чөйрө департаментинин директорунун орун басары – өнөр жай ресурстарын натыйжалуу пайдалануу бөлүмүнүн жетекчиси, ЮНИДОнун «Төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө токсиндик заттардын таасирин азайтуу» долбоорунун менеджери Нильгун Таш айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогоруда аталган глобалдык долбоордун алкагында иштелип чыккан Кыргыз Республикасы үчүн Саламаттык жана айлана чөйрө маселелери боюнча иш-аракеттер планын талкуулашты.

«Акыркы жылдары Бишкек шаарындагы абанын абалы тынчсыздандырууда. Айлана чөйрөнүн булгануусу адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Белгилей кетсек, саламаттык сактоо жана айлана чөйрөнү коргоо тармагындагы артычылыктуу багыттар 2018-2040-жылдары Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Оорулардын алдын алуу сарптоолорду азайтуучу жана ден соолуктун негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуучу башкы принцип катары каралат», – деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Ал саламаттык жана айлана чөйрөнүн булгануусу маселелери боюнча кызматташуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, айлана чөйрөнүнүн булгануусунун саламаттык үчүн келтирген коркунучтарын азайтууга багытталган чараларды иштеп чыгуу өлкө Өкмөтүнүн ишинде артыкчылыктуу мааниге ээ.

«Балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында респиратордук оорулар өсүп жатат. Бул абанын булгануусуна байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, абанын булгануу деңгээлинин жана калктын саламаматтыгынын ортосундагы өз ара байланышты аныктоо үчүн атайын клиникалык жана эпидемиологиялык изилдөөлөр зарыл. Бишкектеги абанын сапатына мониторинг жасоо түйүнүн модернизациялоо керек. Ушундан улам иш-аракеттер планында белгиленген артыкчылыктар биз үчүн маанилүү», – деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде Нильгун Таш айым Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш-аракеттер планын иштеп чыгууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен катар кызыкдар тараптардын биргелешкен аракеттеринин жана катышуусунун натыйжасы. Биз жер-жерлерде иштедик жана мындай изилдөө биз үчүн уникалдуу. Иш-аракеттер планынын долбоорунда эки долбоордук сунуш бар. Ал айлана чөйрөнүн булгануусун азайтуу жана калктын саламаттыгын жакшыртуу боюнча аракеттерди камтыйт. Биринчиси – Бишкектеги унаа каражаттарынын зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу деңгээлин азайтуу. Экинчи багыт – Ысык-Көл көлүнүн суусунун сапатына мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүү», – деп белгиледи Нильгун Таш жана Иш-аракеттер планынын негизги багыттарын айтып берди.

Айлана чөйрө департаментинин директорунун орун басары Нильгун Таш кыргыз тараптын экологиялык таза күйүүчү майды колдонууга багытталган аракеттерин жогору баалады.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баса белгилегендей, жолугушууда айтылган сунуштар айлана чөйрөнүн булгануу маселелерин чечүү иштеринде эске алынат.

Пикир

Оставить комментарий