• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте онкологиялык корпустун курулушу кайра жанданды

Өкмөт 0


Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологиялык корпусунун курулушу кайра жанданды.

Министрлер кабинетинин соцтармактагы баракчасындагы маалыматка ылайык, аталган объект И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык базасы болот.

Имараттын курулушунун жүрүшү менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышты. Жапаров 2024-жылы онкологиялык оорулардын алдын алууга кошумча каражат бөлүү пландалып жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, имараттын курулушу 2017-жылы башталган, бирок бир нече себептерден улам объекттин курулушу бүтпөй келген.

Пикир

Оставить комментарий